Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - автордук укук
 

автордук укук

 
copyright [‘копирайт]

автордук укук

 
copyright

Автордук укук

 
АВТОРДУК УКУК – 1) (объективдүү маанисинде) оозеки, жазма ж. б. түрүндө илимий, адабий жана көркөм өнөр боюнча чыгармаларды жаратууга жана пайдаланууга (басып чыгарууга, аткарууга ж. б.) байланышкан мүлктүк жана мүлккө тийешеси жок мамилелерди жөнгө сала турган жарандык укуктун бөлүгү. А. у. тутумуна улуттук-жарандык мыйзам жана да эларалык макулдашуулар боюнча А. у-ту коргоо ченемдери да кирет; 2) (субъективдүү маанисинде) адабий, илимий жана көркөм өнөр чыгармаларына карата жеке мүлктүк, же мүлктүк эмес укуктурдын жыйындысы. Жеке А. у-ка (автордун укугуна) төмөндөгүлөр кирет: автордук укук, автордун аты-жөнү, чыгармаларына колтийбестиги. Ал эми мүлктүк укукка: жарыялоо, иштеп чыгуу, мазмуну менен шартын сатуу ж. б. у. с. жатат. Мындай укук жарык көргөн да, жарыкка чыга элек да чыгармаларга тийешелүү жана алардын баардыгы акыл эмгек алкагына кирет. Чыгарманын автору, же башка ээлик кылуучу жактар өзүнүн чыгармасын мамлекеттик каттоо боюнча А. у-ту коргоо мөөнөтү бүтө элек кайсы учурда болбосун каттоодон өткөрүүгө акысы бар. А. у. объектисин каттоодон өткөргөн жакка белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Мындай жактардын каалоосу менен, чыгарманы каттоо жана тизмеге киргизүү боюнча маалыматтар Кыргызпатент басылмаларында жарыяланышы мүмкүн. Жарыялана турган маалыматтардын көлөмү жана мазмуну автор, же башка ээлик кылуучу жактар менен макулдашуу аркылуу Кыргызпатент тарабынан аныкталат.

Автордук укук

 
АВТОРДУК УКУК – автордун моралдык укуктарынын бири, илим, адабият, көркөм өнөр жагында чыгарма жараткан адамды ошол чыгарманын автору катары таануу. КР жарандык мыйзамы, автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө КР мыйзамы, КР патент мыйзамы ж. б. менен корголот. Аларга ылайык А. у. мөөнөтсүз корголот. Автор мурастоонун аткаруучусу дайындалган тартипте, өзү каза болгондон кийин А. у-ту коргой турган адамды көрсөтүүгө акылуу. Ал адам өз ыйгарым укуктарын өмүрү өткөнчө ишке ашырат. Мындай көрсөтмө болбогон учурда, А. у. анын мураскорлору же (эгер алар жок болсо) КР атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан корголот.

Автордук укук

 
Авторское право

Автордук укук

 
Право авторства

автордук укук

 
авторское право


Хотите добавить свой перевод для слово: "автордук укук"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru